21 Март Нооруз майрамынар менен!

Только для зарегистрированых пользователей

21 Март Нооруз майрамынар менен!

Сообщение azamat » 20 мар 2007 07:33

Достор, Туугандар, Мекендештер.
Сиздерди 21 Март Нооруз майрамыныздар менен куттуктаймын.

Изображение


Нооруз

Нооруз - Орто Азия, жакынкы чыгыш элдери илгертеден бери майрамдашып келе жатышкан/жаңы жыл, жаз/ майрамы. Ал күн мене түн теңелген мезгилинде, башкача айтканда жалган куран айынын 21-22 тартып, ошол эле айдын 25 не чейин уланган.
Байрыкы бабаларыбыздын табияты дайыма өлүп-тирилип туруучу жандуу нерсе катары баалашкан. Күз мезгилинин келиши мененжер жүзүндө жаратылыш өзүнүн мурдагыдай көрөкмдүгүн жогот баштаган. Ал эми кыш мезгилинде жашоосун убактысынча токтоткон.
Табияттын мындай кыймылсыз мезгили жарган куран айынын 20 сына чейин уланган. Үт мезгили өтүп, амал мезгилинин келиши менен табият кайра тириле баштаган. Демек, "Амал кирди-жан кирди" деген сөз желе ата-бабаларыбыздын өткөндөгү жаратылыштын өзгөчөлүктөрүнө карай болгон көз караштарын аныктап тургандай.
Жалган курандын 21-22 тартып күн акырындап узарып, түн кыскара баштайт. Жер кыймылга кирип, көктөмбаралына келет. Жаратылыштын мана ушул кыймылга кирүү мезгилин күтүшөкөн ата -бабаларыбыз жыл эсебинин башталышын уулу майрам катары Нооруз-жаңы жыл, жаңы күн деп белгилешкен. Айрым бир маалыматтарга карганда, Нооруз жаңы жылдын биринчи күнү, Фарсы тилинде "Наврус" - бул "нва" - жаңы, "рус" - күн - "Жаңы күн" дегенди билдирет.
Иран уламыштарынын эсеби боюнча, өткөн мезгилдерде Нооруз күндүн жайкы саратан мезгилине туура келген экен. Кийин артка жылып, баар айына /жалган куран/ калыптанган. Эми ал бүтүн жыл бою ага кызмат кылуучу бир маалда, башкача айтканда, баар жамгырынын алгачкы тамчысы тамгандан тартып, гөлдүр жер бетине ачылганга чейин, бак - дарактар гүлдөгөндөн тартып, мөмөлөр бышканга чейин, жан - жаныбарлар бири - бири менен жакындашып, төлдөгөнгө чейин, өсүмдүктөр өнүп чыгып, сөңгөгү ката баштаганга чейинки мезилди камтыйт.
Айрым бир маалыматтарда Нооруз Кудай адмды жараткан жети күндүн биринчиси деп берилсе, Күн менен Ай асмандын эки көзү сыяктуу, Нооруз менен Мээрман доордун эки көзү деп белгиленет.
Ал - Маүмун Али ибн Муса ар - Ризадан нооруз туралуу сураганда ал: "Нооруз" - периштелер сыйлаган күн, анткени, алар ушул күнү жарык дйүнөгө пайда болгон. Аны пайгамбарларда ыйык көрүшкөн. Себеби Күн ушул күнү жаратылган. Сөз жок, ал доордун биринчи күн" - деп айткан экен. /Мурас № 1, 92/
Абдысамат ибн Алинин айтканына караганда: "Нооруз күнү" Пайгамбар Алейхис - Саламга халба салынган алтын мискейди соога берет. Ошондо Пайгамбар: "Бул эмне?" - деген. "Нооруз", - деп жооп кайтарышкан. Пайгамбар: "Нооруз эмне?", - деп сураган - "Адамдардын улуу айты", - деп жооп беришкен. Ырас, бу ушундай бир күнү Алаа Таала пенде Аскарына тирилттирген деген. "Аскарасы эмне?" - деп сурашакнда Пайгамбар: "Алар көптүгүнө карабай, өлүмдөн коркушуп өз амлекетинен качкан адамдар. Алаа Таала аларга: "Өлгүлө", - деп буйрук кылган. Кийин соң аларды ушул Нооруз күнү тирилттип, рухтарын өздөрүнө кайтарган. Ошол себептен адамдар Нооруз күнү суу сепкенди адатка айландырып алышкан ", - деп айткан экен. /Мурас № 1, 92/
Ал эми көп жашап, көптү билген калкыбыздын кутман карыларынын "Нооруз" туралуу айткан сөздөрүнө көңүл бурсак, кыргыз элибиздебайрытадан бери эле эски жылды узатып, жаңы жылды тосуу, ага карай ар кандай даярдыктарды көрүү иштери үзгүлтүксүз өтөкрүлүп келгени тууралуу кабарлайт. Алардын берген маалыматтарына караганда, жаңы жылды тосуп, аны өз деңгээлинде өткөрүү иш - аракеттерин "Жыл ажыратыш" деп коюшкан. Анда "Эски жыл ажырада, жаты жыл жалгады" деп айтылат. Бул күнү кыргыздар арча, чекендини күйгүзүп, үй ичин жана мал короо - жайын "Алас, алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетте, жаңы жыл келд", "Жер жарлып, чөп чык, желин айрылып, сүт чык" деп аласташкан. Ошондой эле адамдар бири бирине жаңы жылдык жакшы каалоолорун билдиришкен, сый белектерин тартуулашкан.
Нооруз майрамына ар бир үй - бүлө өз алдынча даярдык көрүшкөн. Майрамдын алдында адамдар таза жуунуп, таза кийимдерин кийиншкен. Үй ичи, короо - жай, көчө тартипке салынып, тазаланган. Кир кийимдер жуулуп, бүтө элек иштер жаңы жылгы калтырылбай бүткөрүлгөн.
Нооруз майрамы күнү ичинде таарынычы бар адамдар кол кармашып, чын дилден бирин - бири кечиришип, жарашышкан. Баардык араздашуу эски жыл мене кетти деп эсептешкен жана андан кийин ал тууралуу эч бир көңүлгө алып козгошкон эмес. Аөыл арасында майрамдык шаң өкүм сүрүп, ар түрдүү улуттук оюндар ойнолуп, эл ыраакатка батышкан. Ошону менен бирге, ар бир үйдө Нооруз дасторконунун жети түрдүү даамдан турган тамактарынын берекеси өкүм сүргөн.
Нооруз дасторкону ар бир үй-бүлдө өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Мисалы, Орто Азиянын жана Жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө Нооруз дасторконуна коблган даамдар араб жазуусундагы "Сын" / "С" / тамгасы менен башталган жети түрлүү нерседен турат экен. Дасторкондун ортосунда тал, зайтун, биалма, анар, тыт өңдүү дарактарынын калемчесинен жети даана коюлат. Бир идишке суу, экинчи бир идишке кайсы бир дарактын жалбырагы калкып турушу лазым болгон. Мындан тышкары, дасторконго атайы бышырылган чоң нан, айран, сүт, быштак, жумуртка, канаттуулардын эти, кургатылган мөмөлөр, жаңгак, бадам, мисте, балык ж. б. Коюлган. /Мурас, № 1, 92/
Кыргыздар жыл ажыратыш күнүнө карай арпа, буудай, жүгөрү, ж. б. өндүрүшүп, аны сокуга түктөшүп, акталган данынан чоң көжө жасашкан, ал - табияттын өлбөстүгүн айкындоочу, дүйнөнүн, жашоо - турмуштун гүлдөп өнүгүшүнүн даамы катары бааланган.
Сүмөлөк /Чоң көжө, жыл ажыратыш көжө/ өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн /майсанын/ белгилүү бөлүгүн Орто азия жана жакынкы чыгыш элдери "көк байлоо" деп аташат. Сүмөлөк жасаган аялдар келген меймандарга, жаштарга аз - аздан "көк байлоодон" тартуулашат. Көк алгандар өз энчисинен башкаларга дагы бөлүшкөн. Мунун өзү адамдарга узун өмүр, жаштык жана бакыт каалоо дегендикке жаткан.
Илгери Нооруз /Жыл ажыратыш/ майрамына арналып жасалган чоң көжө даяр болгондо айыл адамдары атайы үймө - үй кыдырып ичишкен жана ал үйгө таза дилинен жакшы каалоолорун айтышкан. Жаштар алты бакан курушуп, ар түрдүү оюндарды ойноо менен кумарларын жазышкан.
Айрым бир уламыштарга караганда, Хисравдын атасы Хармозд арпа өскөн эгин талаасынын жанынан өтүп бара жатып, арпага кое берилген суу эгин талаасынан өтүп, жолог чейин агып жатканын байкайт. Ошондо: "Арпа - аманчылык даны, анын чөбү жакша чөп. Арпаны аралап өткөн, же болбосо андан чыккан суу чарчоону басып, ашказан ооруларын айыктырат. Бул суудан ким ичсе, жаңы жылдын арпа бышыгына чейин ар кандай оорулардан сакталган болот", - деп айткан экен. Ал эми Мухаммед Алейхис-Салам: "Арпа уну таңсык даам. Денеңизден кубат кеткен убакта арпа нанын көбүрөөк жеш керек", - деп айткан экен.
Демек, арпа унунун нанын жана көк чөбүнөн даярдалган даамдуу тамакты элибиз байыртадан бери кадырлап келе жатышы бекер жерден болбосо керек.
Ирандыктар да, Турандыктар да арпа эгүүнү жакшы билишет. Арап - Сүмөлөк бышырыш үчүн алгачкы көк чөп деп аталат. Жакынкы чыгыш жана Орто Азия элдери Нооруз жуманын кайсы күнү келсе, жылдын кандай болушу тууралуу атайы түзүлгөн жылнаамалар аркылу билип келишкен. Мисалы, 14 - 15 кылымдарда Түркстанда /бытышында/ түзүлгөн жылнаамадан төмөндөгүдөй мааламаттар берилген.

1. Нооруз жекшемби күнү келсе

Ал Күнгө таандык. Жылнаама боюнча бул жыл арзанчылык болбогону менен токчулукка карк болор. Ушак, жаманчылык аз болор. Гозо пайдасы көп болор. Тоодогу пализге /тамарка, чарбактагы эгин/ береке толор, гозо жылы башында жакшы болуп, аягында кымбаттап, арийне базарда тез өтөр. Өлүм - жетим болбостур.

2. Нооруз дүйшөмбү күнү келсе

Ал Айга таандык экен. Бул жылы арзанчылак болбос, дан көп болор. Жамгыр жаайт, падышычалыктан кудурети кетип, пахта көп болор. Пализдерге табигый кырсык тиер. Күнжүт менен тарру мол, буудай аз болор. Кар, жамгыр жыл башында болбостур. Көк эгин жакшы чыгар. Зарыл жер - жемиштерге ачарчылык келер. Жыл аягында кар жаап, бирок тез эрип кетер. Базарчынын жолу тозулбай, алуучулар көп болгондуктан базар тез өтөр.

3. Нооруз шейшемби күнү келсе

Ал күн Марска таандык экен. Бул жылы арзанчылык болбостур, аштык мол болор. Бирок кан төгүлүп, элден ырайымдуулук качса керек. Пенде кожоюнунан, кыз энесинен, уул атасынан, аял эринен ажырашат. Жаман, тар пейил аралайт. Падыша шейит кетер. Бул жылы эрте айдаган эгин жакшы. Чакан-чакан пализге айдалган жашылчалап аз болор. Кар аз жаашы этимал. Жыл аягында көп сел болуп, адам баласы чыгым тартар.

4. Нооруз шаршемби күнү келсе

Ал күн Меркурийге таандык экен. Ал жыл каатчылык болор. Ачкачылыктан кан төгүлүшү ыктымалдыр. Ушак-айың, көрө албастык көп болор. Бирок тез өтүп кетер. Ал жылы жашылча көп, жыл аяктаганда буудай, арпа кымбаттай баштаар. Жылан, чаян көп болоор. Нокот менен тартууга береке дөөлөт берсин.

5. Нооруз бейшемби күнү келсе

Ал күн Юпитерге таандык. Бул жыл жемиш мол болчудай. Ай, күн тутулат. Оору көп болуп, бирок акыры жакшылык менен аяктаар. Бул жылы мол тамак камдоо абзел.

6. Нооруз жума күнү келсе

Ал күн Венерага (Зуура) таандык. Бул жылы падышалар дын абалы кыйындаса керек. Балдар тапан чыгып, эр азамат аталар. Жамгыр көп жаап, катуу суук болор. Ал жылы арзанчылык, жер-жемиш дүйнөдө мол, бакырлар арсында буудай, тааргууга арзанчылык келер. Эгин кеч бышып, мөмөлөр көп, өлүм-житим аз болор. Базарчынын жолу оңолбос.

7. Нооруз ишемби күнү келсе

Ал күн Сатурнга таандык экен. Ал жылы ушак сөз менен шек саноо көп болор. Жаз айларында шамал көп согуп, дегеле кан көп агат. Залимдер, наадандар жана уурулар дөөлөт башына келиши ыктымал. Жер-жемиш мол болгону менен жыл аягында каатчылык каптаар. /Мурас, № 1,92/[/img]
azamat
Участник проекта
 
Сообщения: 91
Зарегистрирован: 23 май 2006 09:57

Сообщение LR » 20 мар 2007 09:27

Текст большой и, наверняка, очень интересный. Может нам взять в штат переводчика на общественных началах... :) Не все пользователи, к сожалению, владеют киргизким языком.


С ПРАЗДНИКОМ ВАС, ДРУЗЬЯ! С чудесным весенним праздником. Вот теперь начинается настоящая весна!
LR
Участник проекта
 
Сообщения: 96
Зарегистрирован: 20 мар 2006 05:03

Сообщение liliya » 20 мар 2007 16:49

Всех всех поздравляю с Новым годом!
Желаю всем ароматного цветущего весенного настроения и в душе и на улице! :D
Аватара пользователя
liliya
Участник проекта
 
Сообщения: 99
Зарегистрирован: 03 фев 2006 07:32
Откуда: Казань, Татарстан, Россия

Сообщение azamat » 09 апр 2007 11:19

LR писал(а):Текст большой и, наверняка, очень интересный. Может нам взять в штат переводчика на общественных началах... :) Не все пользователи, к сожалению, владеют киргизким языком.


С ПРАЗДНИКОМ ВАС, ДРУЗЬЯ! С чудесным весенним праздником. Вот теперь начинается настоящая весна!


Привет.
К сожалению Я не нашел перевод на русский язык. Все материалы с сайта http://unpt.host.net.kg/noo.html
azamat
Участник проекта
 
Сообщения: 91
Зарегистрирован: 23 май 2006 09:57

Сообщение LR » 09 апр 2007 20:14

Aibek писал(а):Лиля , Нооруз это Новый год (весенний) если коротко сказать
:D :D :wink:

вот и переводчик нашелся :D

Спасибо,Айбек....но про весенний Новый год я знала и без перевода....там еще так много написано :)
LR
Участник проекта
 
Сообщения: 96
Зарегистрирован: 20 мар 2006 05:03

Сообщение IGOR SPB » 13 май 2007 03:18

..один из трактатов Хайяма , называется "Науруз-наме"/перевод Б.А. Розенфельда - математик, историк/,написанный, как явствует из его текста , ..после 1092г.
Хайям пишет в своем сочинении о старинном иранском празднике Науруз довольно подробно ...и не только о празднике...еще много интересного , к примеру очерки "об обычиях царей Ирана ",... "О золоте и о том , что необходимо знать о нем"..."о мече" , "о пере/каламе/ ", "о коне"...........
не знаю есть ли это в инете/ доверяю только книгам/-
Oмар Хайям
Рубайат. Трактаты./перевод с персидского .Библиотека Всемирной Литературы/
IGOR SPB
Аксакал
 
Сообщения: 1166
Зарегистрирован: 28 апр 2006 13:54
Откуда: СССР

Сообщение IGOR SPB » 21 мар 2008 17:13

С Великим Праздником Науруз поздравляю Вас , Мусульмане!!!
МирКамиль Фазылджанов. 21.03.08г.
Присоединяюсь к Поздравлениям МирКамиля!
Игорь.
IGOR SPB
Аксакал
 
Сообщения: 1166
Зарегистрирован: 28 апр 2006 13:54
Откуда: СССР

Сообщение Aibek » 22 мар 2008 16:46

поздравляю всех :)


Спасибо,Айбек....но про весенний Новый год я знала и без перевода....там еще так много написано
:oops:
Aibek
Участник проекта
 
Сообщения: 65
Зарегистрирован: 14 мар 2006 21:25
Откуда: где нет света!

Re: 21 Март Нооруз майрамынар менен!

Сообщение Галямов Илья » 21 мар 2009 11:48

Всех кызылкийцев с Наврузом!!!
Четвертая школа,вперед!
Аватара пользователя
Галямов Илья
Старожил
 
Сообщения: 675
Зарегистрирован: 16 сен 2007 13:33
Откуда: Чернигов, Украина.

Re: 21 Март Нооруз майрамынар менен!

Сообщение Timoha » 21 мар 2009 11:58

С Новым Годом!!! Весеним!!! :ROFL: :) поздравляю!!!
Аватара пользователя
Timoha
Старожил
 
Сообщения: 1097
Зарегистрирован: 01 фев 2006 13:10
Откуда: USSR


Вернуться в Поздравления

Кто сейчас на конференции

Сейчас этот форум просматривают: нет зарегистрированных пользователей и гости: 1

Яндекс.Метрика
cron